Ссылки доступа

Тажикстанда мунай продукцияларын жеткирүүчүлөр жеңилдиктерди сурашууда


Тажикстанда мунай продукцияларын ташып иштеген 17 компания президент Эмомали Рахмонго кат жазып, Мамлекеттик материалдык резервдер боюнча агенттикке берилген салык жана бажы жеңилдиктерин аларга да берүүнү сурашты.

«Антпесе, Мунай продукцияларын жана суюлтулган газды жеткирүү ассоциациясынын мүчөлөрү баадагы айырмачылыктан улам атаандаштыкка туруштук бере албай, рыноктон кетүүгө аргасыз болот» деп жазылган катта.

31-мартта Тажикстан парламентинин төмөнкү палатасы 2021-жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун кабыл алган. Ага ылайык, Мамлекеттик материалдык резервдер боюнча агенттик тыштан азык-түлүк, мунай продукцияларын алып кирүүдө кошумча нарк салыгынан, акциздерден жана бажы алымдарынан бошотулган.

Тажикстанда бензин январдан бери кымбаттоодо, ушул тапта май куюучу жайларда күйүүчү май тартыш.

XS
SM
MD
LG