Ссылки доступа

Өзбекстанда жаңы түзүлгөн оппозициялык партиянын активисттерине басым болууда (видео)


Видеотасмадан алынган скриншот
Видеотасмадан алынган скриншот

Өзбекстанда жакында эле түзүлгөн «Адилеттүүлүк жана өнүгүү» аттуу партия үчүн кол топтоп жүргөн 24 жаштагы студент Абдурахман Икрамов эл алдында уяткарылды. Тургундар аны маале жашоочуларынан алдамчылык жол менен кол топтогон деп айыпташкан.

13-апрелде социалдык түйүндөргө жарыяланган видеодо Наманган облусундагы Бирлашкан маалесинин 50гө жакын тургуну студентти оппозициялык маанайдагы саясатчы Хидирназар Аллакуловдун каттоодон расмий өтө элек партиясы үчүн кол топтоого айыптап, бир нече аял андан аты-жөнүн тизмеден чийип салууну талап кылып жатканын көрүүгө болот.

Көп өтпөй интернетке Абдурахман Икрамовдун өзүнүн да кайрылуусу чыкты. Анда ал аталган партия тууралуу маалыматты социалдык түйүндөрдөн көргөнүн, кол топтоо үчүн кагаздарды партиянын активистинен алганын айткан. Андан соң студент мааленин 300гө жакын тургунун бош бланктарга кол койдуруп, кийин аларга партия тууралуу маалыматтарды толтуруп жазганын мойнуна алган.

Бирок 14-апрелде «Озодлик» радиосу менен телефон аркылуу байланышкан Икрамов буга чейин айткандарын четке какты.

«Кол топтоонун алдында баарына «Адилеттүүлүк жана өнүгүү» партиясы жөнүндө айтып бергем. Эч кимди алдаган эмесмин. Мааленин тургундары өз каалоолору менен кол коюп беришкен. Мени мындай кайрылуу жасоого аргасыз кылышты. Бул боюнча кеңири маалымат бере албайм, маале тургундары жакындарыма басым жасашы мүмкүн», — деген ал.

Аталган мааленин «Адилеттүүлүк жана өнүгүү» партиясына өз каалоосу менен мүчө болуп кирген тургуну Абдурахман Икрамовдун жакындарына маале комитети менен укук коргоо органдары тарабынан катуу басым болуп жатканын билдирди.

Партиянын активисти Мухаммадамин Эрматовдун айтымында, укук коргоо органдары алардын Хорезм жана Самарканд облустарындагы активисттерине да телефон чалып, басым жасоодо.

7-апрелде жаңы түзүлгөн «Адилеттүүлүк жана өнүгүү» партиясынын активисттер тобу каттоо үчүн топтолгон кол тамгаларды тапшыруу үчүн Юстиция министрлигине барышкан. Социалдык түйүндөргө жарыяланган видеодо партия лидери менен министрлик өкүлдөрүнүн ортосунда саясий талаш болуп жатканын көрүүгө болот.

Өткөн жумада белгисиз адамдар тобу партиянын лидери Хидирназар Аллакуловго кол салышканы кабарланган. Жыйырмадан ашык киши аны үйүнүн алдынан тосуп алып, андан саясат менен алектенүүнү токтотууну жана партиянын Ташкенттеги ижарага алынган кеңсесин бошотууну талап кылышкан.

Группа неизвестных лиц напала на лидера новой оппозиционной партии в Узбекистане
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:09:36 0:00

31-мартта белгисиз кишилер партиянын бир нече активистине кол салып, партиянын кеңсеси үчүн сатып алынган эмеректерди талкалап кетишкен.

Неизвестные напали на активистов партии «Хакикат ва Тараккиёт»
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:06:37 0:00
XS
SM
MD
LG