Ссылки доступа

Тажикстандын тургуну «Талибан» кыймылы менен байланыш түзгөнү үчүн соттолду


Тажикстандын Дарваз районунун жашоочусу талибдер менен ымала түзүү айыбы менен 15 жылга каттал режимдеги түрмөгө кесилди.

Сухробжон Вазиров Кылмыш кодексинин «Террордук мүнөздөгү кылмыштарды жасоого үгүттөө» жана «Террордук мүнөздөгү кылмыш жасоого ачык түрдө чакыруу» беренелери боюнча күнөөлүү деп табылды.

Өкүм 19-мартта чыккан, бул тууралуу ЖМКларга эми белгилүү болду.

Өкүмдө 44 жаштагы Сухробджон Вазиров соңку эки жылдан бери Ооганстандын Нусай районундагы "Талибан" кыймылынын топторунун биринин лидери менен телефон аркылуу сүйлөшүп турганы айтылат.

Тергөө документтерине караганда, ал Тажикстандан көрүнүп турган ооган өкмөттүк күчтөрүнүн позициясы жөнүндө маалымат берип турган. Мунун негизинде жоочулар бир нече жолу өкмөттүк күчтөргө каршы чабуул жасап, ооган жоокерлерин өлтүрүшкөн.

Тажикстандын Дарваз жана Ооганстандын Нусай районун чек арасынын узундугу 200 чакырымды түзөт. Аймакта "Талибан" жана башка экстремисттик уюмдардын таасири чоң.

XS
SM
MD
LG