Ссылки доступа

Казакстандын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын башчысы алмашты


Казакстандын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын башчысы Алик Шпекбаев кызматтан алынды. Мамлекет башчы Касым-Жомарт Токаевдин тиешелүү жарлыгы 16-апрелде президенттин сайтына жарыяланды.

Шпекбаевдин ордуна буга чейин өлкөнүн башкы прокурорунун орун басары кызматында иштеген Марат Ахметжанов дайындалды. Азырынча Коррупцияга каршы күрөшүү кызматын 2017-жылдан бери башкарып келген 64 жаштагы Шпекбаевдин башка кызматка барар-барбасы белгисиз.

Күн мурун Токаев Башкы прокуратура өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөн жыйында бюджеттик каражаттын сарпталышына көзөмөлдү күчөтүүгө чакырган.

Казакстандын бийлиги жемкорлукка каршы күрөшүү боюнча чаралар көрүлүп, түрдүү программалар ишке ашырылып жатканын билдирип келет. Өлкөдө коррупцияга каршы күрөшүү тууралуу атайын мыйзам бар. Ошол эле маалда кылмыш жоопкерчилигине тартылып, камакка алынган мурдагы аткаминерлер мунапыс менен же мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыккан учурлар да жок эмес. Айрым талдоочулар бийлик жарыялаган коррупцияга каршы күрөшүү чаралары иштебей жатканын айтып келишет.

XS
SM
MD
LG