Ссылки доступа

Тажикстанда YouTube аркылуу онлайн-лотерея өткөргөн блогерлер лицензия алууга милдеттендирилет


Тажикстандын Каржы министрлиги блогерлердин YouTube аркылуу онлайн-лотереяларды өткөрүп жатышы мыйзамсыз экенин, бул үчүн алар расмий уруксат алышы керектигин билдирди.

«Онлайн-лотереялардын уюштуруучулары Каржы министрлигинен тиешелүү лицензия алышы керек, болбосо алар мыйзамсыз ишкердик үчүн жоопкерчиликке тартылат», — деди министрликтин юристи Бахром Сатториён.

Ал мекеме мыйзамга өзгөртүүлөрдү сунуштап жатканын, ага ылайык онлайн-лотерея өткөрүү үчүн блогерлер Каржы министрлигинен расмий уруксат алууга милдеттүү болушарын кошумчалады.

Акыркы айларда тажикстандык блогерлер жапырт түрдө YouTube-каналдары аркылуу онлайн-лотереяларды өткөрө башташты. Байге катары автоунаалар, смартфондор, акча жана батирлер сунушталып жаткан лотереялардын билет баасы 100-200 сомониден сатылууда.

Быйыл февралда Тажикстандын Салык комитети жергиликтүү блогерлерди социалдык түйүндөрдөгү жана YouTube сервисиндеги кирешелери үчүн салык төлөөгө милдеттендирген. «Блогерлер 1-апрелге чейин каттоого туруп, социалдык түйүндөр менен YouTube порталынан түшкөн кирешелери боюнча салык төлөй башташы керек. Болбосо алардын аракети мыйзам бузуу болуп калат», — деп билдирген мекеме башчысы Шамсулло Кабирзода.

Анда тажик блогерлери кирешелери көп деле эмес экенин айтып, салык төлөй албай тургандыктарын, болбосо социалдык түйүндөрдөгү баракчаларын жабууга аргасыз болушарын билдиришкен.

XS
SM
MD
LG