Ссылки доступа

Казакстандын башкы прокурору: жарандардын конституциялык укуктары бузулган учурлар 33% азайды


Казакстанда жарандардын конституциялык укуктары бузулган учурлар 33% азайды. Бул тууралуу өлкөнүн башкы прокурору Гизат Нурдаулетовдун быйылкы жылдын биринчи кварталында аткарылган иштердин жыйынтыгы жана мыйзамдуулуктун сакталышы тууралуу президент Касым-Жомарт Токаевге берген баяндамасында айтылат

Акордонун маалыматына караганда, башкы прокурор өз баяндамасында «ишкерлерди мамлекеттик органдардын мыйзамсыз аракеттеринен коргоо жана көзөмөл органдын ишин бизнес көйгөйлөрүн натыйжалуу чечүүгө ылайыкташтыруу боюнча» тапшырмалардын аткарылышы тууралуу маалымат берди. Ага ылайык, жыл башынан бери өлкө боюнча «22 миң ишкердин укугу корголуп, мамлекеттик органдардын 357 мыйзамсыз текшерүүсү жана 56 актысы жокко чыгарылган».

Казакстандын жарандары конституциялык укуктары сакталбай жатканына жана прокуратура органдарынын аракетсиздигине даттанып келишет. Февралда өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген адамдар тобу Акордонун алдына чогулуп, сот жана коопсуздук органдарынын аракеттерине нааразычылык билдиришкен.

Казакстан өткөн жылы укуктук чөйрөнүн камсыздалышы боюнча өлкөлөрдүн жетишкендиктерин аныктаган World Justice Project эл аралык уюмунун рейтингинде 128 өлкөнүн ичинен 62-орунду ээлеген.

XS
SM
MD
LG