Ссылки доступа

Жаңы-Өзөндө мунайчылар иш таштады


Жаңы-Өзөндөгү мунай бургулоочу «МунайФилдСервис» компаниясын тейлеген «Мадиев» ишканасынын жумушчулары аларды штатка алууну жана маянаны жогорулатууну талап кылып иш ташташты.

Нааразылардын бири Женис Бапилов жумушчулар буга чейин компаниянын жетекчилигине жана акимчиликке кайрылып, бирок андан майнап чыкпаганын «Азаттыктын» казак кызматына билдирди.

Анын айтымында, алар азыркы учурда 80-90 миң теңге эмгек акы алат. Иш таштаган мунайчылар «МунайФилдСервис» компаниясынан анын өзүнүн жумушчулары алгандай 180-200 миң теңге маяна төлөөнү талап кылышты. Ошондой эле алар келишимдик негизде эмес, аларды штатка алып, Эмгек кодексинин негизинде мамиле жасоону талап кылышты.

Мунайчылардын иш таштоосунун башында турган Женис Бапилов 2011-жылы да Жаңы-Өзөн окуясында жапырт башаламандык уюштурууга айыпталгандардын арасында болгон. Бирок кийин ал соттон акталган. Бапилов аны полиция токмоктогонун айткан.

Буга чейин «Фиркрофт» компаниясын тейлеген «Бургылау» аутсорсинг ишканасынын жумушчулары да иш таштаган.

21-апрелде алар мунайчыларга тилектештик билдирип, бир саатка жумушун токтотушту.

2011-жылы 16-декабрда Казакстандын Маңгыстау облусундагы Жаңы-Өзөн шаарында жапырт башаламандык чыгып, анда мунайчылар менен полиция кагылышкан. Кагылышуунун жыйынтыгында ондогон киши мерт болгон.

Видео

Видео

"Шам-Бала": Керексизовдун соңку керээзи
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:10:41 0:00
XS
SM
MD
LG