Ссылки доступа

Электр энергиясынын жаңы тарифи августка чейин коомдук талкууда болот


Кыргыз өкмөтү электр энергиясына сунуштап жаткан жаңы тарифтик саясат 2021-жылдын августуна чейин коомдук талкууда болуп, кийин чечим кабыл алынат.

Энергетика министри Кубанычбек Турдубаев 22-апрелде Бишкектеги маалымат жыйында жаңы тарифтин үч категориясына төлөмдөрдү түшүндүрүп берди:

"Аз камсыз болгон үй-бүлөлөр электр энергиясынын бир кВт\саатына 0,74 тыйындан, бийик тоолуу аймакта жашагандарга – 1 сом 04 тыйын, калктын калган катмары 1 сом 48 тыйындан төлөйт. Бирок суу тартыштыгына байланыштуу кышында төлөмдүн экинчи тепкичи жүргүзүлүп, 1000 кВт ашса 2 сом 29 тыйындан төлөнөт. Буга чейин айына киргизилген 700 кВт жоюлат", - деди министр.

Кубанычбек Турдубаев Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматына таянуу менен Кыргызстанда 110 000 аз камсыз болгон үй-бүлө бар экенин билдирди. "Адистер кайра изилдөө жургүзүп, колу жука үй-бүлөлөрдүн так санын жакын арада аныктайт", - деген министр Кыргызстанда энергетика тармагы өтө оор кырдаалга кептелгенин, төлөмдөрдү көтөрүү зарылдыгы жаралганын кошумчалады.

Президент Садыр Жапаров энергетикадагы кризистен чыгуу үчүн электр энергиясынын тарифин өзгөртүү сунушталып жатканын 21-апрелде жарыялаган. Ал аз камсыз болгондорго жана тоолуу райондордо жашагандарга арзан тарифти калтырып, калган катмарга бааны жогорулатуу керек деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG