Ссылки доступа

Кыргызстанга "AstraZeneca" вакцинасы май айында келет


Өкмөт башчы Улукбек Марипов Кыргызстанга май айында Австриядан Оксфорд университети менен "AstraZeneca" компаниясы иштеп чыккан вакцина келерин билдирди. Бул тууралуу 23-апрелде "Фейсбуктагы" баракчасында түз эфирге чыкканда айтты.

Бир күн мурун Орусиядан келген "Спутник V" вакцинасынын 20 миң дозасы аймактарга бөлүштүрүлө баштаганын билдирди.

Ошондой эле, 29-мартта Кытайдын "SinoPharm" препараты менен эмдөө башталганын, каалоочулар үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлоруна барып вакцина алса болорун белгиледи.

20-апрелде COVAX эл аралык программасынын алкагында Кыргызстанда 423 миң шприц жана колдонулган медициналык каражаттарды коопсуз шартта жок кылуу үчүн 3825 даана куту келген.

Расмий кабарга ылайык, Кыргызстанда 23-апрелге карата 14 861 киши коронавируска каршы эмдөөдөн өттү.

Өлкөдө коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери илдет 93 278 кишиге жукту. Анын 87 717си айыгып, Вирустан жалпы 1573 адам кайтыш болду

Видео

Видео

Төрт түлүккө бай, ар улуттуу айыл
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:27:41 0:00
XS
SM
MD
LG