Ссылки доступа

Өзбекстанды кайрадан дин тутуу эркиндиги тынчсызданууну жараткан өлкөлөрдүн катарына киргизүү сунушталды


АКШнын Эл аралык диний эркиндик боюнча комиссиясы (USCIRF) Өзбекстанды «өзгөчө тынчсызданууну жараткан өлкөлөрдүн» катарына кошууну сунуштады.

Комиссия өзүнүн жылдык баяндамасында 2020-жылы Өзбекстанда олуттуу мыйзам бузууларга жол берилгенин белгилеген.

АКШнын Мамлекеттик департаменти Өзбекстанды кара тизмеден былтыр 2-декабрда чыгарган. Кошмо Штаттар анда Өзбекстанды дин тутуу эркиндигиндеги «реалдуу прогресс» үчүн мактаган.

Бул арада америкалык Foreign Policy басылмасы Шавкат Мирзиёевдин өкмөтү дин тутуу эркиндигин көзөмөлдөө менен ачык-айкындуулук ортосундагы тең салмактуулуктуу сактоодо көйгөйлөргө туш болуп жатканын белгилеген.

Басылманын журналисти Агнешка Пикулицка март айында Ташкентте 100дөй киши ЛГБТ коомчулугуна каршы зомбулук мүнөзүндөгү митинг өткөргөнүн кабарлаган. Көчөлөрдө ондогон киши «Аллаху Акбар» деп кыйкырып, ЛГБТ коомчулугунун өкүлдөрүн издешкен. Жолдо кез келген эки өспүрүмдү катуу сабап салышкан.

Анын алдында Өзбекстандын Кылмыш кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча онлайн-дискуссия өткөн. Жаңы кодекске ылайык, өлкөдө бир жыныстуу нике кылмыш катары эсептелинет. Ошол күнү ЛГБТ мүчөлөрүнүн укуктарын чагылдырган блогер Миразиз Бозоров сабалган.

XS
SM
MD
LG