Ссылки доступа

Казакстанда камактагы активист Алмат Жумагулов сабалганы кабарланууда


Казакстандык укук коргоочулар тарабынан саясий туткун катары таанылган активист Алмат Жумагулов Алматы облусунун Заречный айылындагы түрмөдө сабалды. Бул тууралуу шейшембиде Адам укуктары боюнча казакстандык бюронун өкүлү Инга Иманбай билдирди.

Ал Фейсбуктагы баракчасына: «Заречныйга аскер киргизилди, тинтүү жүрдү, саясий туткун Алмат Жумагулов сабалды. Бюро адвокат издейт», —деп жазды.

Түрмөнүн администрациясы бул боюнча комментарий бере элек.

Укук коргоочулардын айтымында, Капшагай шаардык соту бүгүн Алмат Жумагуловду мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотуу боюнча арызды карамак. Бирок отурум болор-болбосу белгисиз.

Апрелдин башында Жумагулов колонияда ачкачылык жарыялап, кийинчерээк ооруканага жеткирилгени кабарланган.

Казакстанда «куралдуу жихадга чакырды» деп айыпталган Кенжебек Абишев, Оралбек Омыров жана Алмат Жумагулов 2018-жылы 21-декабрда соттолгон.

Сот ошондой эле Жумагуловдун «улут аралык кастыкты козутканы» аныкталганын билдирген. Натыйжада ал жана Омыров сегиз жылга, Абишев жети жылга эркинен ажыратылган.

Соттолгон үч адам тең айыптарды четке кагып, өздөрүнө козголгон кылмыш иштерин саясий куугунтук катары мүнөздөшкөн.

XS
SM
MD
LG