Ссылки доступа

Тажикстанда Орусияга авиабилеттер арзандады


Тажикстандын Жарандык авиация агенттиги Орусиянын төрт авиакомпаниясы чартердик каттамдардын билеттерин арзандатканын билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, бүгүнкү күндө авиабилеттер 8 миң 500 сомониден (752 доллар) жогору эмес баада сатылууда.

Буга чейин Орусияга учуп кетүүнү каалаган жарандар чартердик каттамдарга билеттер 10-17 миң сомониден сатылып жатканына даттанышкан.

22-апрелде Тажикстандык Жарандык авиация агенттиги орусиялык авиакомпаниялардан эки күндүн ичинде билет бааларын төмөндөтүүнү талап кылып, болбосо алардын чартердик каттамдарды аткаруусуна байланыштуу тиешелүү чаралар көрүлө турганын билдирген.

Мекеменин маалыматына караганда, 27-апрелде «Урал аба жолдору», UTair, «Сибирь» жана «Түндүк шамалы» авиакомпаниялары чартердик каттамдарга авиабилеттерди арзандатты.

Ал ортодо тажик жарандары авиакассаларда Орусияга билеттер жок болуп жатканына даттанышууда.

«Авиабилеттерге байланышкан абал оор. Авиакассаларда чартердик каттамдарга билеттер 8 миң 500 сомони экенин айтып жатышат. Бирок бул баага 19-майга чейинки каттамдарга билет алуу мүмкүн эмес», — деди Аслам Назиров аттуу тургун.

Өз кезегинде Тажикстандын Жарандык авиация агенттиги бул көрүнүштү арзан билеттердин көбү сатылып кеткени менен түшүндүрүүдө. Мекемеме өкүлдөрү абалды көзөмөлдөп жатышканын, билет сатуу боюнча «көмүскө базардын» пайда болушуна жол берилбестигин белгилешти. Бирок айрым жарандар авиабилеттер авиакассаларда да, ортомчулар аркылуу да жогорулатылган баада сатылып жатканын билдиришүүдө.

Орусия 1-апрелден тартып Тажикстан менен авиабайланышты калыбына келтирген. Бүгүнкү күндө туруктуу каттамдар жумасына эки жолудан гана аткарылууда. Тажикстанда бул багыттагы каттамдарга билет сатуу укугу Аба байланыштар агенттигине берилген. «Озоди» радиосунун колуна тийген документтерге ылайык, бул компания өлкө президенти Эмомали Рахмондун кызы менен күйөө баласына тиешелүү.

Видео

Видео

"Шам-Бала": Керексизовдун соңку керээзи
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:10:41 0:00
XS
SM
MD
LG