Ссылки доступа

Баткен: чек арадагы үч айыл күчөтүлгөн тартипке өттү


Баткенде, кыргыз-тажик чек арасындагы үч айыл аймагында күчөтүлгөн тартипте иштөө режими жарыяланды. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна 29-апрелде облус жетекчиси Өмүрбек Суваналиев билдирди.

Анын айтымында, мындай тартип Ак-Татыр, Ак-Сай жана Самаркандек айыл аймактарына киргизилди.

28-апрелде чек арадагы Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы ("Головной") суу бөлүштүрүүчү жайдын тилкесинде жаңжал чыккан. Ак-Сай айыл аймагына караштуу Көк-Таш айылына жакын жерде ок атылып, таш ыргытылган.

Соңку маалыматка караганда, азыр абал тынч, жараат алган төрт кыргызстандыктын үчөө ооруканада, алардын абалы туруктуу.

Тажикстандын чек ара мекемеси жети жаранына таш тийгенин, "Головной" толугу бойдон Тажикстанга таандык экенин, чырды кыргыз тарап баштаганын билдирди.

Кыргызстандын чек ара мекемеси тажик тараптын бул билдирүүсүн четке кагып, алар чек арадагы чыныгы абал тууралуу маалыматты бурмалап, абалды курчутуп жатканын айтты.

XS
SM
MD
LG