Ссылки доступа

УКМК кыргыз-тажик чек арасында абал тынч экенин билдирди


Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) кыргыз-тажик чек арасында түн тынч өткөнүн, 3-май, саат 9:30га карата абал туруктуу экенин маалымдады.

Ага ылайык, чек арачылар күчөтүлгөн тартипте иштеп атышат. Кыргызстандын жана Тажикстандын аскерлеринен турган комиссия аймактарды кароодон өткөрүүдө.

28-30-апрель күндөрү кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда Баткен облусунда 78 үй, эки мектеп, бир фельдшердик жана акушердик пункт, үч чек ара бекети, бир бала бакча, 10 май куюучу бекет, ички иштер бөлүмүнүн бир имараты жана сегиз дүкөн талкаланып, өрттөлгөн.

Расмий маалыматка ылайык, коогада 34 кыргызстандык набыт болуп, 178 киши жараат алды. Үй-жайын таштай качып, куралдуу кагылыш жүргөн аймактан коопсуз жайга көчүрүлгөндөрдүн саны 50 миңге жетти.

Ал эми тажик тараптан 16 киши каза болуп, 90у жараат алганын "Азаттыктын" тажик кызматы ишенимдүү булактарына таянып жазды. Тажикстандын бийлиги жабыркагандар тууралуу расмий маалымат бере элек.

Эки өлкөнүн атайын кызматтарынын жетекчилери ок атууну токтотуу жана аскерлерди чек арага жакын аймактардан чыгаруу боюнча келишимге кол коюлганын билдирген.

XS
SM
MD
LG