Ссылки доступа

Казакстанда коронавирус жана пневмониядан бир суткада 18 бейтап каза болду


Казакстанда өткөн суткада коронавирус жуктурган 2496 жаңы учур катталып, 16 бейтап каза болду. Мындан тышкары дагы 12 киши "коронавирустук пневмонияга" кабылып, экөө өлдү.

Муну менен өлкөдө COVID-19 жуктургандардын жалпы саны 327 995ке, өлгөндөр 3733кө жетти.

2020-жылдын август айынан бери өзүнчө эсептелип жаткан "коронавирустук пневмонияга кабылгандар 53 083кө, андан каза болгондор 809га жетти.

Бүгүнкү күндө Квзакстандын ооруканаларында 44 374 бейтап дарыланууда. Алардын ичинен 762синин абалы оор, 197 кишиники өтө оор деп бааланууда. 122 бейтап ИВЛ аппаратына туташтырылган.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, 3-майга карата Казакстанда коронавируска каршы 1.3 миллион киши эмдөөдөн өттү. Бул үчүн Орусиянын «Спутник V», Казакстандын QazVac жана Кытайдын Sinopharm компаниясынын Бириккен Араб Эмираттарында өндүрүлгөн вакциналары колдонулууда.

XS
SM
MD
LG