Ссылки доступа

Ташкентте 35 ЖОЖ, 132 мектеп жана 22 бала бакча карантинге жабылды


Ташкентте коронавирус пандемиясына байланыштуу 35 жогорку окуу жай (ЖОЖ) эки жумалык карантинге жабылды. Бул тууралуу шаардык Санитардык-эпидемиологиялык жыргалчылык жана коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын өкүлү Нодира Султонмуродова билдирди.

Анын айтымында, мындан тышкары 15 атайын билим берүү мекемеси, 132 мектеп, 22 бала бакча, үч дарылоо-профилактикалык мекеме жана эки кызмат көрсөтүү объектиси да 14 күнгө жабылды.

Султонмуродова Ташкентте күн сайын COVID-19ду аныктоо боюнча 8 миңге чейин лабораториялык тест өткөрүлүп, алардын 2,5-3,5% тастыкталып жатканын кошумчалады.

Буга чейин Ташкент облусундагы жана Самарканд шаарындагы мектептер менен бала бакчалар карантинге жабылганы кабарланган.

Видео

Видео

Төрт түлүккө бай, ар улуттуу айыл
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:27:41 0:00
XS
SM
MD
LG