Znak.com басылмасы белгилегендей, төлөмдүн көлөмү Экинчи дүйнөлүк согуштун ардагерлеринин санына байланыштуу болушу ыктымал. Орусияда 9-майга карата жөлөк пулду 33 миң, Өзбекстан менен Казакстанда болсо 1000дей киши алат. Кыргызстанда 146 ардагер бар.
«Независимая газета» басылмасы соңку жылдары Орусия мурдагы советтик республикаларга караганда Жеңиш күнүндө ардагерлерге аз акча берип жатканын жазды. Маселен, былтыр Молдова ардагердерге Орусияга караганда төрт эске көп жөлөк пул берген.