Казакстан Тышкы иштер министрлиги телефондук сүйлөшүүнү түркмөн тарап демилгелегенин белгиледи.
28-апрелде Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаевди Түркмөнстанга чакырган. Телефондук сүйлөшүү учурунда Гурбангулы Бердымухамедов Казакстан Түркмөнстандын Борбор Азиядагы негизги өнөктөшү экенин айткан.
Президенттер соода-сатыктын көлөмүн көбөйтүп, өнөр жай, айыл чарба, энергетика, транспорт жана логистика тармагындагы долбоорлорду ишке ашырууга макулдашкан.
Казакстан президенти Түркмөнстанга качан барары так айтыла элек.