Ссылки доступа

Президент Садыр Жапаров жаңы Конституцияга кол койду


Президент Садыр Жапаров 5-майда жаңы Конституцияга кол койду. Ала-Арча резиденциясында Баш мыйзамга кол коюу жана Конституция күнүнө карата уюштурулган иш-чарада мамлекет башчы элге кайрылуу жасоодо.

Жыйында кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда курман болгон кыргызстандыктарды бир мүнөттүк эскерүү болду. Садыр Жапаров чек арадагы окуяларга кайрылып, Кыргызстандын аймактык бүтүндүгүнө кол салуу аракети болгонун белгиледи.

Кыргызстандын эгемен тарыхындагы Конституциясын легендарлуу парламент 1993-жылы 5-майда кабыл алган. Андан бери бир канча жолу өзгөртүлүп, соңку референдум 2021-жылдын 11-апрелде өткөн.

Ага жалпы шайлоочулардын 36,66% катышып, алардын 79 пайыздан ашыгы Баш мыйзамдын жаңы долбоорун колдогон жана Кыргызстанда президенттик башкаруунун болушун жактаган.

5-май жылнаамада кызыл менен белгиленип, майрам күн болуп саналат.

Видео

Видео

Памирден келгендер жайыт жана үлүш жерге муктаж
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:47 0:00
XS
SM
MD
LG