Ссылки доступа

Өзбекстанда жаңы түзүлгөн оппозициялык партиянын лидерине айып пул салынды (видео)


Ташкенттин Юнусабад райондук сотунда жакында эле түзүлгөн “Акыйкат жана Өнүгүү” социал-демократиялык партиясынын лидери, профессор Хидирназар Аллакуловдун иши боюнча сот жараяны аяктады.

Аллакулов «Ушак таратуу» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 20 базалык эсептик көрсөткүч өлчөмүндө (470 доллар) айып пул төлөөгө милдеттендирилди. Буга чейин партия лидери «Майда бейбаштык» беренеси менин айыпталып жатканы кабарланган.

31-мартта белгисиз адамдар тобу партия лидери Хидирназар Аллакуловго кол салышкан. Жыйырмадан ашык киши аны үйүнүн алдынан тосуп алып, андан саясат менен алектенүүнү токтотууну жана партиянын Ташкенттеги ижарага алынган кеңсесин бошотууну талап кылышкан.

Бул окуядан кийин Аллакулов укук коргоо органдарына арыз менен кайрылган. Көп өтпөй ага кол салган адамдар да милицияга арыз жазып, анын негизинде профессорго каршы «Майда бейбаштык» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Ал ортодо «Акыйкат жана өнүгүү» партиясынын активисттери өлкөнүн түрдүү аймактарында аларга басым уланып жатканын билдиришүүдө. Алардын айтымында, партияны колдоп кол тамгасын коюп берген жарандар укук коргоо органдарына чакырылууда.

7-апрелде партия мүчөлөрү 28 миң кишинин колун топтоп, каттоо үчүн керек болгон бардык документтерди Юстиция министрлигине тапшырышкан. Мыйзамга ылайык, министрлик бир айдын ичинде алардын баарын текшерип чыгып, расмий жооп бериши керек.

Өзбекстанда президенттик шайлоо быйыл октябрда өтөт. 5-апрелде өлкөдөгү алгачкы оппозициялык партия деп эсептелген «Эрк» партиясы (Өзбекстанда ишмердүүлүгүнө тыюу салынган) президенттик шайлоого талапкер көрсөтүү ниетин билдирген.

Өзбекстандын парламентиндеги беш партия тең өкмөтчүл партия болуп эсептелишет.

XS
SM
MD
LG