Ссылки доступа

Байден Путин менен июнда Европада жолугушууну пландоодо


АКШнын президенти Жо Байден америка-орус саммитин июнда, Европага сапары маалында өткөрүүгө даяр экенин билдирди.

"Мен буга үмүттөнүп, ишенип турам. Биз бул маселенин үстүндө иштеп жатабыз", - деди Байден журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.

Жо Байден президент катары өзүнүн алгачкы чет өлкөлүк сапарын Улуу Британиядан баштайт. Анда ал 11-13-июнь күндөрү өтө турган «Чоң жети» уюмуна мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын жолугушуусуна катышат. 14-июнда Брюсселде НАТОго мүчө өлкөлөрдүн саммитине барып, андан соң Европа биримдигине мүчө өлкөлөрдүн лидерлери менен жолугат деп күтүлүүдө.

Америка-орус саммитин өткөрүүнү Байдан апрелде сунуштаган. Ал Орусиянын президенти Владимир Путин менен үчүнчү өлкөдө жолугуп, эки өлкөнүн мамилесиндеги чыңалууну жаратып жаткан маселелерди талкуулоого даяр экенин билдирген.

Видео

Видео

Өз менен өзгөнү тейлеген "Токтогул" ГЭСи
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:20:23 0:00
XS
SM
MD
LG