Ссылки доступа

Тажикстан мамлекеттик карызды жөнгө салуу үчүн векселдерди чыгарат


Тажикстан мамлекеттик карызды жөнгө салуу максатында 1 миллиард сомони (87,6 миллион доллар) өлчөмүндө вексель түрүндө баалуу кагаздарды чыгарат.

5-майда өлкөнүн каржы министри Файзиддин Каххорзода тажик парламентинин төмөнкү палатасына «Мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруу» тууралуу мыйзам долбоорун тааныштырды. Анын айтымында, векселдер жылдык 2% менен 10 жылга жүгүртүүгө чыгарылат.

Парламенттин төмөнкү палатасы мыйзам долбоорун колдоду. Апрелде тажик өкмөтү Каржы министрлигин депутаттардын колдоосунан кийин дароо векселдерди чыгарууну баштоого милдеттендирген токтом чыгарган.

Токтомдо векселдерди чыгаруунун максаты өлкөнүн «мамлекеттик карызын жөнгө салуу» экени жазылган. Кабыл алынган чечимге ылайык, баалуу кагаздар Тажикстандын ички базарына сатыкка коюлат.

Эми өлкөнүн Каржы министрлиги өкмөткө баалуу кагаздардын чыгарылышын жана сатылышын жөнгө салууга мүмкүндүк берген векселдерди колдонуу механизмин иштеп чыгышы керек.

Тажикстанда 1990-жылдары мамлекеттик кызматкерлерге маяналар векселдер жана баалуу кагаздар менен төлөнгөн учурлар болгон. Бирок жарандардын баары эле аларды акчага алмаштыра алышкан эмес. 2009-жылы өкмөт «ыктыярдуу-мажбурлоо» жолу менен калкты Рогун ГЭСинин акцияларын сатып алууга аргасыз кылган. Алар боюнча бүгүнкү күнгө чейин бир да жаранга дивиденттер төлөнүп бериле элек.

XS
SM
MD
LG