Ссылки доступа

Өзбекстанда мектеп жетекчилиги кышкысын үнөмдөлгөн көмүрдү «жашыруун сатып жиберген»


Кашкадарыя облусунун Касан районундагы №6 мектептин мугалимдери жетекчилик кышында үнөмдөлгөн көмүрдү жашыруун түрдө «сатып жибергенин» билдиришүүдө.

Алар 3-майга караган түнү мектептин кампасындагы көмүрдү жашыруун алып кетип жаткан кишилерди көрүшкөн. Чакырылган инспектор окуянын жоо-жайын териштирбей, көмүрдү алып кетүүгө мүмкүнчүлүк берген.

«Ал күнү түнкү саат 11лерде мектептин жанынан өтүп баратып, короосунда чоочун ЗИЛ унаасы токтоп турганын көрдүм. Айлана караңгы, жарыктын баары өчүрүлгөн экен. Короого кирип, унааны видеого тартып жатсам кароолчу келип, телефонумду тартып алууга аракет кылды. «Уурдап жатасыңарбы?» деп сурасам «Бул калдыктар, ишиң болбосун» деп жооп беришти. Чынында эле көмүрдүн калдыктары болсо эмнеге түн жамынып, жашырынып кылып жатышат? Күндүз деле алып кетсе болот да», — деди аталган мектепте музыка сабагынан берген мугалим.

Ал мектептен чыгып, окуя тууралуу аймактык инспекторго кабар бергенин, бирок ал эч кандай аракет көрбөгөнүн кошумчалады.

Мектептин кампасынан көмүр алып кетип жатышканын башталгыч класстын мугалими Матлюба Очилова да көргөн.

– Ал күнү уулум экөөбүз үйгө кайтып келатып мектептен көмүр жүктөлгөн автоунаанын чыгып жатканын көрдүк. Алар менен директор да чогуу жүргөн. Кампада көмүр көп экенине карабастан кышында үшүп чыкканыбызды эстедим. Кышкысын директор менен анын орун басарларынын иш бөлмөлөрүнө гана от жагылып турган. Директорубуз көмүрдү сатып жибердиби же жөн эле берип жатабы мага белгисиз», — деди Очилова.

Мектептин кароолчусу Рустам Бафоев директордун буйругу менен кампадагы көмүр эмес, көмүрдүн калдыгы гана чыгарылганын билдирүүдө.

– Директор автоунаа чакырып коюптур. Алар көмүрдүн калдыктарын алып кетишти. Ал унаа кимге таандык, келген кишилер кимдер экени мага белгисиз. Мен кароолчу болуп иштегендиктен, жетекчиликтин ишине кийлигише албайм», — деди ал.

Өзбекстанда кышкысын жаратылыш газы менен электр энергиясынын тартыштыгынан улам мектептердин көбү көмүр менен жылытылат.

Быйыл кышында от жагылбаган класстарда суук болуп, айрым мектептерде сабактардын убактысы кыскартылганы кабарланган.

XS
SM
MD
LG