Ссылки доступа

Чикагодогу кыргызстандыктар кыргыз-тажик чек арасы боюнча БУУга кайрылышты


АКШнын Чикаго штатында жашаган кыргызстандыктар Бириккен Улуттар Уюмуна (БУУ) кайрылып, кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча Коопсуздук кеңешинин чукул жыйынын өткөрүүгө үндөштү.

30 чакты кыргызстандык 9-майда Чикагодо акция өткөрүп, колуна тынчтыкка чакырган, агрессияны токтотууну талап кылган жазууларды кармап турушту.

Алар эл аралык уюмдарды жабыркагандарга жардам берип, талкаланган үй-мүлкүн жана социалдык объектилерди калыбына келтирүүгө, эвакуация болгондордун кадимки жай турмушка кайтуусуна көмөктөшүүгө чакырышты.

Буга чейин мындай акциялар Германияда, Италияда, Швейцарияда, Британияда, Канадада, Түштүк Кореяда жана АКШнын бир катар шаарларында өткөн.

28-30-апрель күндөрү кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болуп, 180ден ашууну жараат алды. Тажик бийлиги 6-майда бул жаңжалда 19 адам каза болуп, 87 киши жараат алганын расмий кабарлады.

Эки өлкөнүн Башкы прокуратуралары кылмыш иштерин ачып, иликтөө жүргүзүүдө.

XS
SM
MD
LG