Ссылки доступа

Тажикстанда жер көчкүдөн ондогон кишилер үй-жайсыз калды (видео)


Хатлон облусуна караштуу Навобод кыштагында жер көчүп, 15 турак жай жана 100 гектар айдоо жери зыянга учурады.

Тажикстандын Өзгөчө кырдаалдар жана жарандык коргонуу комитети көчкүдөн курман болгондор жок экенин, чыгым эсептелип жатканын кабарлады.

Жергиликтүу жашоочулардын айтымында, жердин жылышуусу 5-майда башталган. Эки күндөн кийин үйлөр урап, айдоо жерлери жер алдында калган. Айрым жашоочулар турак жайларын гана эмес болгон мүлкүн жоготушту.

Жабыркагандар атайын тигилген чатырларга көчүрүлдү. Абдурахмони Жоми райондук акимчилиги алар үч маал ысык тамак, суу менен камсыздалганын, коопсуз аймакка кыштак куруу үчүн жер бөлүү чечими кабыл алынганын билдирди. 167 үй-бүлө коопсуз жайга көчүрүлөт.

Бул арада Өзгөчө кырдаалдар жана жарандык коргонуу комитети 5-майдан баштап өлкөнүн ондогон шаарларында жана райондорунда табият кырсыктары катталганын маалымдады.

Согди, Хатлон облустарында сел жүрдү. Пенжикентте таштар кулап, бир нече үй жабыркады, 12 үй-бүлө коопсуз жайга көчүрүлдү.

Тажикстан бийлигинин маалыматына караганда, 1992-2020-жылдар аралыгында табият кырсыгынан 7 млн жашоочу жабыркап, экономикага 2 млрд доллар зыян келтирилген.

XS
SM
MD
LG