Ссылки доступа

Нур-Султанда «Астана Тазалык» компаниясынын кызматкерлери айлык маянаны жогорулатууну талап кылууда


 «Астана Тазалык» компаниясында иштеген ондогон жуушчулар айлык маянанын жогорулатууну талап кылышууда.

11-майда алар иш берүүчүнүн кеңсесинин алдына чогулушуп, соңку жылдары маяна жогорулабаганын, азык-түлүктүн баасы кескин жогорулап кеткенин билдиришти.

— Аз айлык маселесин дайыма көтөрүп келебиз. Жетекчилик бизди: «Эгер айлык жетпесе —бошонуп кеткиле» деп коркутат, —деди жумушчулардын бири Хасен Иманбек.

Жумушчулардын пикиринде, расмий түрдө алардын маянасы 120 миң теңге (280 доллар). Пенсия жана салык төлөмдөрүнөн кийин колдоруна 90 мин теңге алышат.

Жумушчулар майрамдарда сый акыдан үмүт кылышканын, 8-майда жамааттагы аялдарга гана акчалай сыйлык берилип, майда эч кандай кошумча төлөм болбогонун кошумчалашты.

Окуя болгон жерге акимчиликтин өкүлү келип, прессасыз жабык жыйын өткөргөндөн кийин бир нече күн аралыгында айлык маянанын жогорулатуу боюнча талапка жооп берерин айтты.

«Астана Тазалык» компаниясында миңден ашуун жумушчу иштейт.

XS
SM
MD
LG