Ссылки доступа

Эл аралык уюмдар өзбекстандык блогер Отабек Сатторини эркиндикке чыгарууга үндөштү


Эл аралык уюмдар өзбек бийлигин «Опузалап акча талап кылуу» жана «Жалаа жабуу» беренелери боюнча алты жарым жылга соттолгон блогер Отабек Сатторини эркиндикке чыгарууга чакырышты.

«Журналисттерди коргоо комитети (Committee to Protect Journalists, CPJ) Өзбекстандын бийлиги бардык журналисттер өлкөдө эркин жана репрессиялардан коркпой иштегидей шарт түзүп бериши керектигин билдирди.

«Сатториге карата чыгарылган сот өкүмү бийликтин алдыдагы президенттик шайлоонун алдында журналисттерди коркутуп, аларды курч маселелер жөнүндө жаздырбоо аракети», — деди уюмдун Европа жана Борбор Азия боюнча программаларынын координатору Гульноза Саид.

«Чек арасыз кабарчылар» (RSF) уюму блогерге тагылган айыптарды «ойдон чыгарылган» деп эсептейт. «Бул бийликти сындагандарды коркутуу жана жергиликтүү коррупциялык иштерди басуу аракети экенин көрсөтүп турат», — деп жазылган уюмдун билдирүүсүндө.

10-майда Өзбекстандын Сурхандарыя облусундагы Музрабад райондук соту блогер Отабек Сатторини 6,5 жылга абакка кескен. Ал «Опузалап акча талап кылуу» жана «Жалаа жабуу» беренелери боюнча күнөөлүү деп табылды. 40 жаштагы Саттори акыркы сөзүндө күнөөсүз экенин айтып, өзүн сот залынан бошотууну суранган.

Telegram жана YouTube каналдары аркылуу «Эл пикири» деген видеоблогду алып барган блогер жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн сындап жүргөн. Ал 30-январда Термез шаарында опузалап акча талап кылууга шек саналып кармалган. Марттын башында ага «Жалаа жабуу» беренеси боюнча жаңы айып тагылганы кабарланган.

XS
SM
MD
LG