Маалыматка караганда, департамент кийинки алты айдын ичинде мыйзам долбоорунун маанилүүлүгү тууралуу илимий конференцияларды, лекцияларды, семинарларды өткөрүп, алфавитти өзгөртүүгө кете турган чыгымдарды эсептеп, алфавиттин түрдүү өзгөчөлүктөрүн (фонетикалык, графикалык, техникалык, орфографиялык) иликтеп чыгат.
«Илимий конференцияларда айтылган сунуштар менен пикирлер түрдүү тармактар боюнча эксперттердин катышуусунда каралып чыгат. Корутунду өкмөткө долбоор менен бирге жөнөтүлөт», — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.
Латын арибинин негизинде түзүлгөн өзбек алфавитинин жаңы версиясынын долбоору талкууга быйыл 16-мартта коюлган. Өзбекстандын Илимдер академия иштеп чыккан мыйзам долбоорун талкуулоо 31-мартка чейин уланышы керек болчу. Жаңы алфавит 28 тамгадан, 1 тамгалар айкалышынан (ng) жана 1 апострофтон (ажыратуу белгисин көрсөтөт) турат.
Мекеменин маалыматына караганда, 15 күндүн ичинде мыйзам долбоору интернетте 26 миң жолу көрүлүп, 1035 пикир жазылган. Алардын 56% (547) алфавитти реформалоону колдосо, 32% (302) аны өзгөрүүсүз калтырууну сунуштаган.