Мамлекеттик айыптоочу жапырт башаламандыкты уюштурууга жана ага катышууга күнөөлөнгөн тогуз кишини үч жылдан эркинен ажыратууну, 44 айыпталуучуну төрт жылга, экөөнү бир жарым жылга шарттуу түрдө кесүүнү сурады.
Прокурордун айтымында, жапырт башаламандыкка катышкандар Сатпаевде полициянын ишине кедерги келтирип, коомдук коопсуздукка коркунуч жараткан.
Сартпаев шаарындагы башаламандык 2020-жылы 24-июлда беш жашар кыздын жоголгону тууралуу кабардан улам келип чыккан. Жоголгон кичинекей кызды бир сааттан кийин 62 жаштагы кишинин батиринен табышкан. Анын үйүнүн алдына жүздөгөн адам чогулуп, аны сотсуз эле жазалоону талап кылышкан. Полиция шектүү адамды үйүнөн алып чыгып, Сатпаев шаардык полиция бөлүмүнө камаган.
Башкы айыпталуучу - «баланы уурдап барып зордуктаган» деп шектелген жаран былтыр октябрда тергөө абагында муунуп каза болгон.