Бурханова Орусияга кирип-чыгуу тартибин бузган деп табылды.
Бурханованын иши каралып жатканда, аны колдоого ондогон кишилер чогулду.
Аны сот залынан чет өлкөлүк жарандар кармала турган атайын жайга алып кетишти. Бурханованы жакын арада жаш жете элек балдары менен Өзбекстанга жөнөтүшөт.
11-майда Симферополдогу Дубки айлында ФСБ кызматкерлери өзбекстандык Наби Рахимов жашаган үйдө тинтүү жүргүзүп, аны атып салышкан. Тергөөнүн маалыматына караганда, ал биринчи ок чыгарган. Тергөө комитети укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин өмүрүнө кол салуу боюнча кылмыш ишин козгогон. Ошол эле маалда Рахимов жашаган үйдө эмне себептен тинтүү жүргөнү азыркыга чейин белгисиз.