Ссылки доступа

Казакстанда жыл башынан бери 5 600дөн ашык кишиге кандаш макамы берилди


2021-жылдын төрт айында 5 685 казак тарыхый мекенине кайтып келип, кандаш (кандас) макамын алды. Бул тууралуу Казакстандын Эмгек министрлиги билдирди.

Жыл башынан бери кандаш макамын алгандардын 76,9% Өзбекстандан, 10,7% Кытайдан, 5,4% Түркмөнстандан, 2,9% Монголиядан жана калган 4% башка өлкөлөрдөн келишкен.

Маалыматка караганда, кандаштар негизинен Алматы (31%), Түркстан (15,8%), Мангистау (15,9%), Жамбыл (7,8%) облустарына жана Чымкент (11,4%) шаарына отурукташты.

Казакстанга кайтып келгендердин 57,2% эмгекке жарамдуу курактагы адамдар түзөт. Алардын 11% жогорку билимге ээ.

1991-жылдан бери башка өлкөлөрдө жашаган 1,7 миллион казак тарыхый мекенине кайтып келген.

Былтыр май айында Казакстанда миграция мыйзамдары өзгөрүп, тарыхый мекенине кайтып келгендерди оралман (кайрылман) эмес, кандаш деп атоо тууралуу чечим кабыл алынган. Мындан тышкары кандаш макамын алган казактарга Казакстандын жарандыгын берүү боюнча жол-жоболор кыйла жеңилдетилген.

XS
SM
MD
LG