Ссылки доступа

Тажикстанда билети бар жүздөгөн жүргүнчү бир жумадан бери Орусияга уча албай турат


Душанбе аэропортундагы жүргүнчулөр
Душанбе аэропортундагы жүргүнчулөр

Душанбе жана Хожент аэропортторунда Орусияга авиабилет сатып алган жүздөгөн жүргүнчү бир жумадан бери уча албай турат. Буга Тажикстандын Жарандык авиация агенттиги орусиялык «Северный ветер» авиакомпаниясына каттамдарды аткарууга уруксат бербей жатканы себеп болууда.

Бул боюнча агенттиктен комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Душанбе аэропортунун аты-жөнүн билдиргиси келбеген өкүлү «Северный ветер» компаниясы чоң учак пайдалангандыктан, ага учууга уруксат берилбей жатканын билдирди. Анын айтымында, Жарандык авиация агенттиги «ал учак Тажикстан аэропортторунун коопсуздук эрежелерине жооп бербейт» деген жүйө келтирүүдө.

Аталган компаниянын Тажикстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Миродж Азизов аларга чоң учак менен учууга эки жолу урусат берип, бирок 12-майда лицензиясын кайра чакыртып алганын билдирди.

«Жүргүнчүлөр көп болгондуктан алгач бизге учагыбыз чоң болушу керектигин айтышты. Биз бул талапты аткарып, уруксат алгандан кийин билеттерди сата баштаганда лицензиябызды кайра чакыртып алышты. Акыркы бир айдын ичинде Орусиянын түрдүү шаарларына 2 миңден ашык кишиге билеттерди сатканбыз. Кеп коопсуздук эрежелеринде гана болсо буга чейин эки жолу учуубузга уруксат беришмек эмес», - деди Азизов.

Анын айтымында, Жарандык авиация агенттигинин дагы бир талабы билеттерди арзандатуу болгон. «Биз бул талапты да аткардык. Бүгүнкү күндө Орусияга эң арзан билеттер бизде. Багытына жараша 3 миң сомониден 8,5 миң сомониге чейин сатылууда», — деп кошумчалады ал.

Авиакомпания Хоженттен Казан, Иркутск жана Пермь шаарларына, Душанбеден Санкт-Петербург, Казан жана Москва шаарларына каттамдарды аткарышы керек болчу.

Курбонали Беков аттуу тургун жубайы экөө 12-майда Казан шаарына учуп кетиши керек болгонун, бир бир жумадан бери Душанбе аэропортунда отурушканын билдирди. «Бүгүн учат, эртен учат деп улам убада берип келатышат. Болгон акчабызга тамак-аш алып, коронавируска каршы бир канча жолу тест тапшырдык. Анткени мурдагы тесттердин жарактуу мөөнөтү өтүп кеткен. Бардык жүргүнчүлөрдүн акчасы түгөндү», - деди ал.

Акыркы маалыматтар боюнча Орусияда бир миллионго жакын тажикстандык эмгек мигранты бар.

XS
SM
MD
LG