Ссылки доступа

Казакстанда журналисттер сатиралык блогердин куугунтукталышы боюнча ИИМ башчысына кайрылышты


Instagram'дагы Qaznews24 сатиралык баракчасынын автору Темирлан Енсебекти «атайын жалган маалымат таратуу» иши боюнча куугунтуктоо — чыгармачылыктын эркиндигин кепилдеген Казакстан Конституциянын 20-беренесин бузат.

Бул тууралуу өлкөнүн ички иштер министри Ерлан Тургумбаевдин атына жолдонгон Factcheck.kz сайтынын редакциясынын ачык катында жазылган. Бул кайрылууну Vlast.kz жана Masa.media басылмалары да колдой тургандыктарын билдиришти.

15-майда Енсебектин Алматыдагы батиринде тинтүү жүрүп, андан соң ал полиция департаментине жеткирилген. Дээрлик беш саатка созулган сурактан кийин ал бошотулган. Енсебек «атайылап жалган маалымат таратуу» иши боюнча «коргонуу укугуна ээ күбө» катары сурак бергенин айткан.

Ал иштеткен Instagram'дагы Qaznews24 баракчасына түрдүү темалар боюнча сатиралык билдирүүлөр жарыяланып келген. Алардын бири «Казакстандын муфтияты мурдагы президент Нурсултан Назарбаевге Кудай макамын берүүнү» жана аны «Конституцияга киргизүүнү» сунуштаганы жөнүндө болсо, башкасы ИИМ казакстандыктарга жылына бир жолудан көп чет өлкөгө чыгууга, ал жакта тартылган сүрөттөрүн соцтүйүндөргө чыгарууга жана чет өлкөлүктөрдүн жогорку деңгээлдеги жашоо-шарты тууралуу жазууга тыюу салуу сунушталган мыйзам долбоорунун үстүнөн иштеп жатканы жөнүндө жазылган.

«Сатира — кылмыш эмес. Бардык дүйнө жүзүндө сатира менен сын (анын ичинде мамлекеттеги биринчи адамдардын дарегине айтылгандары) нормалдуу көрүнүш болуп эсептелет. Тескерисинче, бул өнүккөн коомдун, өз оюн эркин айтуу укуктарынын сакталып жатканынын көрсөткүчү болот», — деп жазылган Factcheck.kz журналисттеринин кайрылуусунда.

Каттын авторлору Qaznews24 аккаунту тараткан материалдар эч кимге зыян келтирбегенине көңүл бурушкан. «Сатиралык билдирүүлөрдү башка ресурстардын чыныгы жаңылык катары чыгарганы — бул жалпы медиасабаттуулуктун деңгээли төмөн экенин көрсөтүп турат. Материалдар ойдон чыгарылганын ачык айткан баракчанын автору аларды жалган маалыматка айланткандардын аракеттери үчүн жооп бере албайт», — деп жазылган кайрылууда.

Азыр Qaznews24 баракчасы бош турат. Енсебек ыктымал фишинг чабуулдардан жана виртуалдык коркутуулардан улам эки жума мурда андагы билдирүүлөрдү өчүрүп салганын билдирген. Баракча тууралуу маалыматта «жарыяланган материалдар чындык эмес экени, алардын адамдарга же окуяларга дал келүүсү кокустук экени» жазылып турган.

Полиция 15-майда социалдык түйүндөргө жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгында туруктуу түрдө жалган маалыматтарды жарыялап келген Qaznews24 Instagram баракчасы аныкталганын кабарлаган. «Аталган баракчага жарыяланган маалыматтар коомчулукта ар кандай реакцияларды жараткан, анткени жалган кабарлар жарандарды адаштырып келген. Бул факты боюнча «Атайылап жалган маалымат таратуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголду», — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Темирлан Енсебек өзүн «жалган маалымат таратуучу» деп эсептебей турганын билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG