Ссылки доступа

БУУ Түркмөнстандан камактагы журналист тууралуу маалымат сурады


Нургелды Халыков. Turkmen.news басылмасынын сүрөтү
Нургелды Халыков. Turkmen.news басылмасынын сүрөтү

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) бир нече түзүмү камактагы түркмөнстандык журналист Нургелди Халыков жөнүндө маалыматтарды сурады. Бул тууралуу журналист кызматташып келген Turkmen.news сайты кабарлады.

Маалыматка караганда, быйыл февралда БУУнун пикирлердин эркиндигин коргоо боюнча атайын баяндамачысы, Негизсиз кармоолор боюнча жумушчу тобу жана укук коргоочулардын абалы боюнча атайын баяндамачысы Түркмөнстандын бийлигине он барактан турган кат жолдоп, журналист Нургелди Халыковго карата чыгарылган сот өкүмү боюнча маалымат сурашкан.

26 жаштагы журналист былтыр коронавирус пандемиясына байланышкан Түркмөнстандагы абалды баалоо үчүн келген Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун делегациясынын сүрөтүн жайылткандан кийин төрт жылга соттолгон.

Маалыматка караганда, Халыков былтыр июль айында делегация мүчөлөрүнүн сүрөтүн "Инстаграмдан" көрүп калып, аны Turkmen.news сайтына жиберген. Көп өтпөй сүрөттү жарыялаган автор аны өчүрүп салып, журналист полицияга суракка чакырылган. Октябрда Халыковго бирөөнөн алган 5 миң долларлык карызын берүүдөн баш тарткан деген жүйө менен алдамчылык айыбы тагылып, төрт жылга эркинен ажыратылганы белгилүү болгон.

БУУнун өкүлдөрү адатта Түркмөнстанда карызды кайтарып бербөө үчүн кылмыш иши козголбой турганын белгилешкен.

«Халыков мырзанын иши боюнча өткөн сот жараяндары менен чыгарылган өкүм сот адилеттигинин минималдык стандарттарына жана адам укуктарын коргоонун эл аралык нормаларына жооп бербейт. Бул учур өлкөдө болуп жаткан окуялар тууралуу фактыларды топтоп жүргөн башка эркин журналисттерди, укук коргоочуларды жана жарандык активисттерди оозун жабууга аргасыз кылган Түркмөнстандагы башка сөз эркиндигин бузган учурлардан өзүнчө каралбашы керек», — деп жазылган БУУ өкүлдөрүнүн билдирүүсүндө.

Turkmen.news сайтынын маалыматына караганда, Түркмөнстандын бийлиги БУУга журналисттин куугунтукталышынын себептерин түшүндүрбөстөн, кыска гана жооп берди.

«Нургелды Палванович Халыков 1994-жылы 1-декабрда Ашхабадда төрөлгөн. Улуту түркмөн, Түркмөнстандын жараны, жумушсуз. 2020-жылы 15-сентябрда Ашхабаддын Багтыярлык райондук сотунун чечими менен «Алдамчылык» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, төрт жылга соттолгон. Азыр Лебап облустук полиция башкармалыгынын абагында жаза мөөнөтүп өтөп жатат», — деп жазылган түркмөн бийлигинин жообунда.

Түркмөнстан эл аралык уюмдардын сөз эркиндиги боюнча рейтингдеринде Түндүк Корея, Эритерия өңдүү өлкөлөр менен катар дайыма акыркы орундарга жайгашып келет.

Интернетти көзөмөлдөп, социалдык түйүндөр менен көз карандысыз маалымат булактарын бөгөттөп жана VPN колдонуучуларына басым кылып келгени үчүн эл аралык уюмдар Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовду «Интернеттин душманы» деп атап келишет.

XS
SM
MD
LG