Ссылки доступа

Анжиянда «Агробанк» кызматкерлерин дем алышсыз иштөөгө мажбурлоодо


Өзбекстанда «Агробанк» коммерциялык банкы калкка берген насыяларын кайтаруу үчүн кызматкерлерин дем алышсыз иштөөгө мажбурлоодо.

«Озодликке» банктын Анжияндагы филиалынын кызматкерлери кайрылып, дем алыш жана майрам күндөрү иштеп жатышканын, насыяларды айлык акынын эсебинен жабууга мажбурлаган учурлар катталганын билдиришти.

–Калктын кедей катмарынын насыяны кайтарууга мүмкүнчүлүгү жок. Буга байланыштуу банктын жетекчилиги бул насыяны, жок дегенде анын айлык үстөгүн маянабыздын эсебинен жабууга мажбурлоодо. Менин айлыгым болгону эки миллион сум (190 доллардын тегереги) жана бул насыяларды жабуу үчүн мен ай сайын 400-500 миң сумдан (40-45 доллар) берүүгө аргасызмын. Эгер баш тартсам жетекчилик айлыгымды кыскартып же сый акы бербей коет. Ошондуктан төлөгөнгө аргасызбыз, – деди атын атагысы келбеген кызматкерлердин бири.

«Агробанктын» өкүлү кызматкерлер дем алыш күндөрү да иштеп жатканын тастыктап, муну банктын оор экономикалык абалы менен түшүндүрдү.

- Президент да көйгөй жараткан насыяларды быйыл жыл соңуна чейин кайтаруу зарылдыгын айткан. Ошондуктан кырдаал өтө оор, – деди ал.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 12-майдагы жыйын учурунда үй-бүлөлүк ишкерлик программасы боюнча берилген насыя көйгөй жаратып жатканын моюнга алып, жыл соңуна чейин насыяларды жүз пайыз кайтарууну тапшырган.

XS
SM
MD
LG