Ссылки доступа

Байден АКШда уруксат берилген вакциналардын 20 миллион дозасын башка өлкөлөргө жөнөтөт


АКШнын президенти Жо Байден июндун аягына чейин башка өлкөлөргө COVID-19га каршы 20 миллион дозадан кем эмес вакцина жөнөтөрүн жарыялады.

Байдендин айтымында, башка өлкөлөргө Pfizer/BioNTech, Moderna жана Johnson & Johnson вакциналары жөнөтүлөт. «Америка Үнү» маалымдагандай, Кошмо Штаттар өлкөдө колдонууга уруксат берилген вакциналарды биринчи жолу башка мамлекеттер менен бөлүшө турганын кабарлады.

Буга чейин америкалык жөнгө салуучу органдар тарабынан колдоого алына элек AstraZeneca вакцинасынын 60 миллион дозасын башка мамлекеттерге жөнөтүү пландалган.

«Экинчи дүйнөлүк согушта Америка демократиянын арсеналы болгон сыяктуу эле COVID-19 пандемиясы менен күрөшүүдө биздин өлкө вакцинанын арсеналы болот», — деди Байден.

Байден бир дагы мамлекет АКШдай чет өлкөгө көп вакцина жөнөтпөй турганын белгиледи.

АКШда калктын 60 пайызы вакцинанын кур дегенде бир дозасын алды, бул илдет катуу жайылып жаткан Бразилия менен Индия сыяктуу өлкөлөргө караганда алда канча жогорку көрсөткүч.

Байденди америкалык вакцинаны башка өлкөлөр менен бөлүшүүгө көптөн бери үндөп келишет. Бирок ал алгач АКШдагы пандемияны көзөмөлгө алуу зарылдыгын белгилеген.

Бул арада ЮНИСЕФтин жетекчиси Генриетта Фор «Чоң жетиге» кирген өлкөлөргө жана Европа Биримдигине кайрылып, коронавируска каршы вакциналарды алмашуу боюнча COVAX схемасынын алкагында дүйнөнүн бир катар жакыр жана аярлуу катмары үстөмдүк кылган өлкөлөргө көбүрөөк вакцина берүүнү суранды.

Ал «вакцинага абдан муктаж болуп турган өлкөлөргө анын ашык дозасынан бөлүшүп, кайрымдуулук жасоо зарыл чара» деп билдирди.

XS
SM
MD
LG