Ссылки доступа

Дүйнөлүк банк Өзбекстандагы эки долбоорду ишке ашырууга $289 млн жеңилдетилген насыя берет


Дүйнөлүк банк «Cуу менен камсыз кылуу тармагын өнүктүрүү жана аны колдоо» долбоорун ишке ашыруу үчүн Өзбекстанга 239 миллион доллар өлчөмүндө жеңилдетилген насыя берет. Бул тууралуу Өзбекстандын Экономикалык өнүгүү министрлиги кабарлады.

17-майда Ташкентте Дүйнөлүк банктын расмий өкүлдөрү менен өзбек өкмөтүнүн ортосунда кол кол коюлган каржылык жана гранттык келишимге ылайык, долбоорду ишке ашырууга Швейцариянын экономикалык маселелер боюнча мамлекеттик катчылыгы да кошумча 7,8 миллион доллар өлчөмүндө грант бөлөт.

Долбоордун алкагында Өзбекстандын үч аймагындагы 500 миңден ашык тургун суу жана канализация кызматтары менен камсыз болот деп күтүлүүдө. Каракалпакстандагы Нукус, Тахиаташ жана Хожейли шаарларындагы канализациялык системалар модернизацияланып, Самарканд облусунун Каттакурган шаарындагы жана Сырдарыя облусундагы суу менен камсыз кылуу жана канализация түйүндөрү реконструкцияланат.

Мындан тышкары тараптар «Өзбекстандагы улуттук инновациялык системаны модернизациялоо» долбоорун каржылоо тууралуу келишимге да кол коюшту. Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн Дүйнөлүк банк 50 миллион доллар өлчөмүндө жеңилдетилген насыя берет.

Долбоордун максаты — базар экономикасы шартында натыйжалуу иштей турган улуттук инновациялык системаны өнүктүрүүгө жардам берүү. Ал мамлекеттин, илимий-изилдөө уюмдарынын жана жеке тармактардын ортосундагы кызматташтыкты жеңилдетип, ошондой эле илимий жана инновациялык кызматтарды коммерциялаштырууга көмөктөшөт.

XS
SM
MD
LG