Ссылки доступа

Казакстандык укук коргоочулар саясий туткундардын тизмесине дагы эки активистти кошту


Казакстандык укук коргоочулар дагы эки активистти – жакында гана эркиндигин чектөө жазасы түрмө жазасы менен алмаштырылган Нурбол Өнерхан менен тыюу салынган уюмдун ишине катышуу айыбы менен абакта отурган Жанибек Жунусовду саясий туткундардын тиземесине кошту.

  • Нурбол Өнерхан – тынч митингдер менен акцияларга катышканы үчүн бир нече жолу административдик жоопко тартылган. Былтыр күзүндө Петропавл соту “тыюу салынган уюмдун ишине аралашканы” үчүн анын эркиндигин эки жылга чектеген. 4-майда “пробация шарттарын бузганы үчүн” түрмөгө которулган.
  • Жанибек Жунусовго “тыюу салынган уюмдун ишине аралашканы үчүн” (“Көчө партиясы” кыймылы) кылмыш иши козголуп, азыр тергөө абагында отурат. Коомдук активдүүлүгү үчүн бир нече жолу административдик жоопко тартылган. 2021-жылдын февраль айынан бери камакта.

Акыркы жолу саясий туткундардын тизмеси мартта жаңыртылган. Анда ага беш активист киргизилген.

Биринчи жолу бул тизмени жергиликтүү укук коргоочулар 2013-жылы 31-майда түзүшкөн. Анда болгону алты кишинин ысымы аталган. Кийинчерээк тизмеге ондогон фамилиялар кошулган.

Казакстандын бийлиги өлкөдө саясий туткундар бар экенин мойнуна албай келет.

XS
SM
MD
LG