Касым-Жомарт Токаев президент катары экинчи жолу Тажикстанга барды. Биринчи ирет ал 2019-жылы июнда Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча саммитке катышып, Рахмон менен жолуккан. Бул арада Тажикстан президенти акыркы жолу Казакстанга 2018-жылы, өлкөнү Нурсултан Назарбаев жетектеп турганда келген.
Казакстан президенти Тажикстанга чакырууну майдын башында, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдан кийин эле алган. Токаев 28-30-апрелдеги кагылышууга тынчсыздануусун билдирип, “эки тараптуу ишенимди калыбына келтирүү жана туура чечимдерди издөө аракетине колумдан келген жардамды берүүгө даярмын”, деп айткан. 3-майда ал кыргыз-тажик президенттери менен телефондо сүйлөшүп, тараптарды сабырдуулукка чакырган.
Казакстан президентинин маалымат кызматы Токаев менен Рахмон өнөктөштүк маселелерин талкууларын билдирип, Борбор Азиядагы туруктуулукту жана коопсуздукту камсыздоо маселелерине өзгөчө көңүл буруларын кабарлады.