Ссылки доступа

HRW казак бийлигин сатирик блогерге карата басымды токтотууга чакырды


Human Rights Watch (HRW) эл аралык укук коргоочу уюм Казакстандын бийлигин "Инстаграмдагы" сатирикалык Qaznews24 баракчасынын авторуна каршы “негизсиз ишти” токтотууга чакырды.

Өткөн аптада полиция Темирлан Енсебектин үйүн тинтип, телефонун, ноутбугун алып кеткен жана өзүн суракка чакырган. Ал “жалган маалымат таратуу” иши боюнча күбө катары өтүп жатат. Юристтер блогердин макамын “шектүү” дегенге өзгөртүү оңой экенин билдиришүүдө.

Полиция сатирикалык постторунда ал “бурмаланган маалыматтарды берип, элде туура эмес ой жараткан” деп эсептейт. Енсебек мындай дооматты четке кагып, билдирүүлөрүндө “бардык окшоштуктар дал келүүчүлүк” деп эскертип турганын белгилейт.

Өткөн жумада Factcheck.kz сайтынын редакциясы Казакстандын ички иштер министри Ерлан Тургумбаевдин атына кат жолдоп, Енсебекти «атайын жалган маалымат таратуу» иши боюнча куугунтуктоо — чыгармачылыктын эркиндигин кепилдеген өлкө Конституциясынын 20-беренесин бузарын эскерткен. Бул кайрылууну Vlast.kz жана Masa.media басылмалары да колдоп, «сатира — кылмыш эмес экенин» билдиришкен.

Апта башында "Чек арасыз кабарчылар" эл аралык уюму Енсебектин ишине кайрылып, казак бийлигин “сөз эркиндигин урматтоого” үндөгөн.

Qaznews24 баракчасына түрдүү темалар боюнча сатиралык билдирүүлөр жарыяланып келген. Алардын бири «Казакстандын муфтияты мурдагы президент Нурсултан Назарбаевге Кудай макамын берүүнү» сунуштаганы жөнүндө болсо, башкасы ИИМ казакстандыктарга жылына бир жолудан көп чет өлкөгө чыгууга, ал жакта тартылган сүрөттөрүн соцтүйүндөргө чыгарууга жана чет өлкөлүктөрдүн жогорку деңгээлдеги жашоо-шарты тууралуу жазууга тыюу салуу сунушталган мыйзам долбоорунун үстүнөн иштеп жатканы жөнүндө жазылган.

Азыр Qaznews24 баракчасы бош турат. Енсебек ыктымал фишинг чабуулдардан жана виртуалдык коркутуулардан улам эки жума мурда андагы билдирүүлөрдү өчүрүп салганын билдирген.

XS
SM
MD
LG