Ссылки доступа

Түркмөн президенти буйрутма менен сүйүктүү жылкысынын сүрөтү түшүрүлгөн бокалдарды жасаткан


Гурбангулы Бердымухамедов ахалтекин жылкысы менен
Гурбангулы Бердымухамедов ахалтекин жылкысы менен

Чехиянын айнектен түрдүү буюмдарды жасаган белгилүү Moser компаниясы Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун сүйүктүү жылкысынын сүрөтү түшүрүлгөн эксклюзивдүү бокалдарды даярдаган. Бул тууралуу компаниянын башчысы Павел Менцл euro.cz сайтына берген маегинде билдирген.

Анын айтымында, Ашхабадда бир нече бутиги бар Moser буга чейин да президенттик резиденцияга туруктуу түрдө жасалга буюмдарын даярдап турган.

«Жакында эле компанияга түркмөн президентинин сүйүктүү жылкысынын сүрөтү түшүрүлгөн бокалдарды жасап берүү боюнча буйрутма келген. Алгач жылкылардын сүрөттөрүнөн дизайны түзүлүп, андан соң биздин адистер аны айнек бокалдарга көчүрүп даярдап беришти", — деген Менцл.

Ал түркмөн президенти үчүн жасалган бокалдарга канча акча төлөнгөнүн айткан эмес. Бул боюнча Moser компаниясынан кошумча маалымат алууга мүмкүн болгон жок.

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун ахалтекин тукумундагы жылкыга өзгөчө мамиле кылары белгилүү. Анын бул жылкы тууралуу китептери жана ырлары бар.

Калктын жакырлануусу жана азык-түлүктүн тартыштыгы менен коштолгон оор экономикалык каатчылыкты башынан өткөрүп жаткан Түркмөнстанда жыл сайын Ахалтекин жылкыларынын күнү белгиленип келет. Президенттин сүйүктүү жылкысынын урматына мамлекеттик сыйлыктар менен наамдар да негизделген.

Өткөн жылы февралда аянтынын 80% чөл ээлеп турган Түркмөнстан жаңы ипподром үчүн 1 млн. 300 миң долларга Улуу Британиядан 10 тонна кум сатып алганыбелгилүү болгон.

XS
SM
MD
LG