Экс-министрдин адвокаты Кайсын Абакировдун айтымында, Дыйканбаев айыптоолорду четке кагып, кылмыш ишин «саясий буйрук» деп эсептөөдө.
"Тергөө Дыйканбаев Кытай компаниясынан келишимди узартуу үчүн 2 млн. 600 миң сом талап кылган деп жатат. Бирок ал өзү анда келишимди узартуу укугу болбогонун айтууда", — деди Абакиров.
20-майда Азамат Дыйканбаев ири өлчөмдө пара талап кылууга шектүү катары кармалып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камакка алынган.
Мекеменин маалыматына караганда, Дыйканбаев “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашырып жаткан чет өлкөлүк компаниядан келишимдин мөөнөтүн узартуу маселесин оңунан чечип берүү үчүн пара талап кылган деп шектелүүдө. Ага каршы арызды чет өлкөлүк компаниянын өкүлү жазып, Жазык кодексинин "Пара талап кылуу" беренеси боюнча сотко чейинки териштирүү башталган.
35 жаштагы Дыйканбаев министрлик кызматка эки апта мурда дайындалган. Ага чейин ал Байланыш боюнча мамлекеттик агенттикти жетектеп турган.
«Коопсуз шаар» долбоору Бишкекте 2019-жылы ишке кирип, көчөлөргө жол эрежесин бузган автоунааларды каттаган видеокамералар орнотулган. Долбоордун биринчи баскычын орусиялык «Вега» концерни ишке ашырган.
Ал эми «Коопсуз шаар-2» долбоору үчүн тендер жарыяланып, анда кытайлык "Shenzhen Sunwin" компаниясы жеңүүчү деп аталган.