Ссылки доступа

Өзбекстанда ата мекендик өндүрүштөгү брондолгон жаңы автоунаа сыноодон өткөрүлүүдө


Жеңил брондолгон TARLON автоунаасы
Жеңил брондолгон TARLON автоунаасы

Өзбекстанда аскердик максатта пайдалануу үчүн жеңил брондолгон TARLON автоунааларын сыноо башталды. Бул тууралуу 20-майда өлкөнүн Мамлекеттик коргонуу өнөр жайы комитети кабарлады.

Унааны сыноо иштерине күч түзүмдөрүнө байланышы бар министрликтер менен мекемелердин адистери жана аскер кызматкерлери катышууда.

«Сыноонун алгачкы баскычында зооттолгон автоунаанын баллистикалык коргонуунун стандарттарына канчалык деңгээлде жооп бере турганы текшерилет. Мындан тышкары жүрүүсү жана түрдүү тоскоолдуктардан өтүү мүмкүнчүлүктөрү сыналат», - деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Расмий маалыматка ылайык, TARLON Өзбекстан Куралдуу күчтөрүнүн министрликтери жана мекемелеринин буйрутмасына ылайык, өлкөнүн коргонуу-өнөр жай комплекстеринде иштелип чыгып, өндүрүлгөн.

11 адамды ташып жүрүүгө ылайыкташкан бул автоунаа эл аралык стандарттарга жооп берген брондолгон болоттон жасалган.

XS
SM
MD
LG