Ссылки доступа

Москвада тажикстандык оппозиционер дайынсыз болууда


В Москве пропал таджикистанский оппозиционер Рахматджони Махмаджон
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:01:50 0:00

Москвада тажикстандык оппозиционер Рахматжони Махмаджон дайынсыз болууда

Орусияда 18-майдан бери тажикстандык оппозициялык «Группа 24» кыймылынын активисти Рахматжони Махмаджон дайынсыз болууда.

Активисттин жакындары менен тарапташтары буга чейин ал белгисиз адамдар тарабынан коркутуулар жана аңдуулар болуп жатканына даттанган.

"Группа 24" кыймылы 2012-жылы түзүлгөн. 2014-жылы Тажикстандын Жогорку соту аны экстремисттик уюм деп таап, өлкө аймагындагы ишмердүүлүгүнө тыюу салган. Андан бери Тажикстанда, Орусияда жана башка постсоветтик өлкөлөрдө бул уюмга мүчө деген айып менен ондогон киши кармалып, түрдүү мөөнөттөргө соттолгон. Кыймылдын негиздөөчүсү Умарали Кувватовду 2015-жылы Стамбул шаарында өлтүрүп кетишкен.

Рахматжони Махмаджон буга чейин бир нече жолу эл аралык жыйындарга катышып, Тажикстандын бийлигин сындаган. Мындан тышкары тажик президенти Эмомали Рахмонго каршы митингдер менен пикеттерге катышкан.

Акыркы жолу ал "Группа 24" кыймылынын дагы бир активисти Шобудин Бадалов менен 2019-жылы июнда Рахмондун Москвага сапары учурунда Кызыл аянтта акция өткөргөн. Анда алар экөө тең 15 суткага камалган. Сентябрда Төмөнкү Новгороддо өздөрүн ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери деп тааныштырган адамдар Бадаловду кармап кетишкен. Бир айдан кийин Орусиянын Ички иштер министрлиги Бадалов өз каалоосу менен Тажикстанга учуп кеткенин билдирген. Активисттин тагдыры бүгүнкү күнгө чейин белгисиз бойдон калууда.

Махмаджондун кесиптештери анын 2018-жылдан бери орус жарандыгы бар экенине карабастан, ал күч менен Тажикстанга жеткирилиши мүмкүн деп тынчсызданып жатышат.

"Азырынча Орусиянын укук коргоо органдары Махмаджондун каякта экени боюнча расмий жооп берише элек. Биз эки адвокат жалдадык. Алар активисттин жоголгону тууралуу милицияга арыз жазгандан тышкары Орусия президентинин аппараты менен ИИМине кайрылуу жолдошту. Акыркы жумаларда Рахматжони артынан аңдыгандар көбөйгөнүн билдирген. Биз ага Грузияга чыгып кетүүнү сунуштаганбыз. Бирок ал саясий иштерден тышкары мигранттарга материалдык жардам берүү менен алектенгендигин айтып, Орусиядан кетүүдөн баш тарткан", – деди "Группа-24" кыймылынын өкүлү Саидали Ашуров.

Ал акыркы бир жылдын ичинде Орусияда "Группа-24түн" үч активисти кармалганын кошумчалады. Экөө орус-литва чек арасында кармалса, Шобудин Бадаловду өз батиринен кармап кетишкен.

XS
SM
MD
LG