Ссылки доступа

COVID-19 вакцинасынын өндүрүүчүлөрү миллиардер болушту


 Moderna менен BioNTech компанияларынын жетекчилери, коронавируска каршы вакцина чыгарган дагы жети киши менен бирге миллиардер болушту.

Бул тууралуу Oxfam уюму билдирди.

Уюмдун эсебине ылайык, Moderna компаниясынын башкы директору Стефан Банселдин байлыгы 4,3 миллиард, BioNTech компаниясынын башкы директору Угур Шахиндин байлыгы 4 миллиард долларга жеткен.

Жаңы миллиардерлердин тизмесине дагы төрт киши – Moderna компаниясынын иммунологу Тимоти Спрингер (2,2 миллиард), директорлор кеңешинин төрагасы Нубар Афеян (1,9 миллиард), вакциналардын таңгактарын чыгарган компаниянын жетекчиси Хуан Лопес-Бельмонте (1,8 миллиард) жана окумуштуу Роберт Лэнжер (1,6 миллиард) кирди.

Дагы үч миллиардер Convidicea вакцинасын чыгарган кытайлык CanSino Biologics компаниясынын тең түзүүчүлөрү болуп эсептелет. Алардын байлыгы 1,3 миллиард долларга чейин жетти.

Oxfam белгилегендей, тогуз миллиардердин жалпы байлыгы вакциналардын бир дозасынын баасын эсепке алганда, 780 миллион кишини эмдөөгө жетмек.

“Биз вакциналарды өндүрүүнү көбөйтүп, бааларды төмөндөтүп, дүйнөнү эмдөө үчүн бул монополияларды тезинен токтотушубуз керек”, - деди Oxfam ассоциациясынын менеджери Энн Марриотт.

“Оксфам” (Oxfam) уюму - дүйнөдө жакырчылыкты жоюу багытында иш жүргүзгөн кайрымдуулук уюмдарынын эл аралык бирикмеси.

XS
SM
MD
LG