«Район акимчилигинин, райондук билим берүү башкармалыгынын, ички иштер башкармалыгынын, маале өкүлдөрүнүн, депутаттардын жана коомчулуктун катышуусунда жыйын өтүп, тараптардын пикирлери угулду. Жыйынтыгында райондук билим берүү башкармалыгы окуя боюнча текшерүү баштамай болду. Мындан тышкары райондук ички иштер башкармалыгы да баштапкы тергөө иштерин баштады», — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.
Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, окуя 21-майда болгон. Директордун орун басары менен мугалимди директордун дагы бир орун басарынын туугандары сабап, жабыркагандар ооруканага жеткирилген.