Ссылки доступа

Uzbekistan Airways учактары 15-июндан тартып «Домодедово» аэропортунан уча баштайт


15-июндан тартып Uzbekistan Airways авиакомпаниясы Москвадагы «Домодедово» аэропортунан учууларды уюштура баштайт.

«Мындай чечим биринчи кезекте Uzbekistan Airways каттамдарындагы жүргүнчүлөрдү тейлөөнүн деңгээлин жогорулатууга жана ыңгайлуулук менен камсыздоого багытталган», – деп айтылат авиакомпаниянын билдирүүсүндө.

Жергиликтүү басылмалар билдиргендей, 15-июндан тартып «Внуково» аэропортундагы каттамдар токтотулат.

Бирок Uzbekistan Airways компаниясы тараткан билдирүүдө бул жөнүндө айтылган эмес.

XS
SM
MD
LG