Ссылки доступа

Чек ара: курал тууралуу мыйзам долбоору талкууда (видео)


Кыргызстандын чек ара аймактарындагы жарандарга атайын даярдыктан өткөрүү менен курал колдонууга уруксат берген мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Документтеги тобокелчилик кызуу талкуу жаратты.

Жогорку Кеңеште "Чек арачы ыйгарым укуктуулар жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун депутаттар тобу даярдады. Алардын жүйөсүндө "ыйгарым укуктуу жарандарга" кошумча укуктарды жана кепилдиктерди берүү зарыл.

Документтин авторлорунун пикиринде, мындай өзгөртүүлөр чек араны кайтарууга, коргоого, чек ара көзөмөлүнө көмөктөшүүгө, өлкө эгемендигине жана аймактык бүтүндүгүнө кол салуунун алдын алууга жана болтурбоого жардам берет.

"Чек арачы ыйгарым укуктуулар жөнүндө" мыйзамы 2015-жылы кабыл алынган. Ага ылайык, мамлекеттин бүтүндүгүн камсыздоого чек ара аймактарында жашаган жарандар тартылып, аларга "чек ара ыйгарым укуктуулары" деген макам берилген.

Мындай тургундар чек ара кызматына маалымат жактан көмөктөшүп келген. Бүгүнкү күндө жалпы 140 чек ара ыйгарым укуктуу жаран кызмат кылат. Беш жыл аралыгында алардын арасынан жараат алгандар, же жабыркагандар болгон эмес.

Мыйзам долбоорунун авторлорунун бири, Жогорку Кеңештин депутаты, КСДП фракциясынын мүчөсү Абдывахап Нурбаевдин "Азаттыкка" билдиргенине караганда, мыйзамдагы өзгөртүүлөр "ыйгарым укуктуулардын" мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө багытталган.

"Алар жылына эки жолкудан кем эмес атайын окуудан, аскердик даярдыктан өткөрүлөт. Мындан тышкары ок атуучу курал колдонууга укук берилет жана алардын өмүрүн, саламаттыгын камсыздоого мамлекеттик кепилдик берүү милдеттери каралат. Апрелдин аягындагы Баткендеги куралдуу жаңжалдан кийин чек арадагы ыктыярчылар тууралуу мыйзам даярдап жатканбыз. Кийинчерээк чек арачылар жана башка аскер адамдары менен кеңешип, "чек арачы ыйгарым укуктуу" жарандардын укугун кеңейтүүнү туура көрдүк. Анткени чек арачыларга маалымат жана башка жактан көмөктөшкөн ыйгарым укуктуу жарандарыбыз бар. Биз аларды жылына экиден кем эмес жолу окутуп, атайын аскердик даярдыктан өткөрүү укуктарын кеңейттик. Алар аймакты жакшы билишет. Кечээки окуяларда жаш, аймактын, андагы адамдардын өзгөчөлүгүн билбеген аскерлерибиз курман болуп калышты".

Демилгечилердин ырасташынча, мыйзам долбоорунда чек арадагы тургундардын баарына курал берүү каралган эмес. Атайын тандалып-иргелип алынган ыйгарым укуктуу адамдарга кандайдыр бир куралдуу жаңжал чыкса, зарыл учурда гана берилет. Депутат Нурбаевдин айтуусунда, курал аскер бөлүктөрүндө кармалат:

"Чек ара ыйгарым укуктуу жарандар жергиликтүү элдин ичинен атайын тандалып алынат. Алар бардык жактан толук текшерилип, көзөмөлдөн өтөт. Кандайдыр бир жаңжал, куралдуу кагылыш болгондо атайын чакырылып, чогулушат. Ошондо гана муктаждык болсо гана курал берилет. Аларды Чек ара кызматы жылына эки жолу атайын окутуп, машыктырып турат".

Чек ара ыйгарым укуктууларына кошумча укуктарды жана кепилдиктерди берүү максатында иштелип чыккан мыйзам долбоору коомчулуктун кызуу талкуусуна алынды. Социалдык тармактарда долбоорду кубаттагандар да, анын кесепетин эскерткендер да болууда.

Бир тарабынан Өзбекстан, бир тарабынан Тажикстан менен чектешип, чек аралары алигүнчө такталып бүтпөгөн Баткен облусунда чек арага байланыштуу чыр-чатактар жылына бир нече ирет кайталанат. Адатта суу талашып кетмендешип, жайыт талаштан таш атышуу менен чектелип жүргөн жаңжал акыркы жолу эки тараптан ок атышууга, ондогон адамдын өмүрүн алган куралдуу чатакка чейин жетти.

Кыргызстан тараптан 36, Тажикстан тараптан 19 адамдын өлүмү менен коштолду. Курман болгон кыргызстандыктардын арасында жай тургундар менен кошо жашы жете элек балдар да бар.

Президент Садыр Жапаров 5-майда жаңы Конституцияга кол коюп, өлкө элине кайрылуу учурунда “өлкө бүтүндүгүнө коркунуч туудурган окуяга күбө болдук” деп, кыргыз армиясында реформа башталарын жарыялаган. Ал реформанын бир багыты катары чек ара аймактарында элдик кошуундарды түзүүнү атаган.

XS
SM
MD
LG