Ссылки доступа

Тажикстандын 300дөй жараны "Манас" эл аралык аэропортунан өтө албай калды (видео)


"Манас" эл аралык аэропортундагы тажик жүргүнчүлөрү
"Манас" эл аралык аэропортундагы тажик жүргүнчүлөрү

Кыргызстан чек арасы Тажикстан жарандары үчүн жабылып, 300гө чукул тажикстандык Бишкектин эл аралык аэропортунда калып калды.

Тажикстандын “Сомон Эйр” авиакомпаниясынын каттамы менен 25-майга караган түнү Душанбеден Бишкекке келген эки жүзгө чукул жүргүнчү Кыргызстанга киргизилген жок.

Ошол эле маалда Орусиянын ар кайсы шаарларынан келген же Орусияга учууга тийиш болгон жүзгө чукул жүргүнчү “Манас” эл аралык аэропортунун транзиттик аймагында калды.

“Озоди” радиосунун кабарчылары менен сүйлөшкөн айрым жүргүнчүлөр Кыргызстан чек арасы Тажикстан жарандары үчүн жабылганын эч ким алдын ала эскертпегенин айтышты.

Тажикстандагы Бишкектеги консулу Абубакр Шодиев маселени кыргыз бийлиги менен сүйлөшүү аркылуу чечүүгө тырышып жатканын, бирок ага “Сомон Эйр” учагы Тажикстанга кайтышы керектиги айтылганын билдирди.

Около 300 граждан Таджикистана застряли в аэропорту Бишкека
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:01:06 0:00

Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 21-майдагы токтомуна ылайык, Тажикстандын жарандарынын Кыргызстандын аймагына кирүүсүнө, болушуна, ары-бери жүрүүсүнө жана Кыргызстандын аймагынан транзит аркылуу өтүүсүнө "убактылуу чектөө" киргизилген.

"Бүгүнкү күндө биз үчүн чек ара маселеси – эң маанилүү маселелердин бири. Бул маселени чечүү үчүн бардык күч-аракеттер жумшалуда. Биз аны сөзсүз түрдө чечебиз. Көйгөйлүү маселелер чечилгенге чейин Тажикстан Республикасы менен мамлекеттик чек ара аркылуу кыймылга убактылуу чектөөлөр киргизилген. Чек ара маселесин чечүү үчүн күч-аракеттер жумшалууда. Делимитация жана демаркация иштери аркылуу биз чек араны чыңдоо максатын койдук. Ал үчүн зарыл иштер аткарылып жатат. Бул жаатта жергиликтүү тургундардын ролу чоң. Ошондуктан элди сабырдуулукка чакырам”, - деген Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов "Фейсбуктагы" баракчасында.

Жабылган чек арадан дипломаттар жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү, эки өлкөнүн расмий органдарынан уруксат алган адамдар, эки өлкөнүн мекенине кайтып бараткан жарандары гана тоскоолдуксуз өтө алат.

Баткен облусундагы төрт чек ара бекети, Чоң-Алай районундагы бир чек ара бекети жабылган.

28-29-30-апрелде жана 1-майда болгон кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болду, анын ичинде экөө бала. 180ден ашуун адам жаракат алды. Тажик тараптан 19 адам өлүп, 87 киши жаракат алганы расмий түрдө жарыяланды.

XS
SM
MD
LG