Ссылки доступа

Кытай Шинжаңда адамдын маанайын аралыктан аныктай турган технологиясын сынап жатат


Кытайдын бийлиги адамдын маанайын аралыктан аныктай турган технологиясын камактагы уйгур тектүү жарандарга сынап жатат. Бул тууралуу "Би-Би-Си" аталган технологиянын аты-жөнүн билдиргиси келбеген иштеп чыгуучусуна шилтеме кылып кабарлады.

Анын айтымында, бул технология адамдын маанайын билүүдөн тышкары, калпты аныктоочу детектордун кыйла заманбап түрү катары да пайдаланылышы мүмкүн.

Маалыматка караганда, система камактагылардын ыктымал маанайын аныктап, начар болсо ал тууралуу дароо отчет даярдайт. Бул ойлоп табуу кандайдыр бир кошумча жана ишенимдүү далилдерди албастан эле соттун болжолдуу чечимин ээ болууга арналган.

Дүйнөдө адамдын маанайын видеокамералар аркылуу аныктоо технологиялары 2010-жылдан бери пайда боло баштаган. Батыш өлкөлөрүндөгү иштеп чыгуучулар бул системаларды сатып алуучулар менен кардарлардын маанайын аныктоо үчүн сунуштап келишет. 2018-жылы британиялык Kantar Millward Brown консалтинг агенттиги адамды жүзүнөн таануу технологиясын көрүүчүлөрдүн жарнама менен болгон эмоционалдык байланышын аныктоо үчүн колдоно баштаган. Орусияда мындай технологияларды банктар пайдаланса, АКШдагы Disney корпорациясы тасмаларын жалпы коомчулукка көрсөтүлө электе баалоо үчүн колдоно баштаган.

Бирок укук коргоочулар технологияларды терс максатта пайдалануу — коомду тоталитардык көзөмөлдөөгө алып келиши мүмкүн экенине тынчсызданышууда. Алардын айтымында, эгер маанайды аныктоо технологиясы так иштебесе, бийлик андагы маалыматтын негизинде туура эмес чечим кабыл алышы ыктымал.

Дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү Бээжиндин уйгур калкына жасап жаткан саясатын геноцид катары мүнөздөп, кытай бийлигин айыптап келишет.

Кытайдын бийлиги калкынын басымдуу бөлүгү мусулмандардан турган Шинжаң-Уйгур автоном районуна видеобайкоо камераларын өтө көп орноткон. Аймакка кирип жаткан адамдардан өкмөттүн тыңчылык программалык камсыздоосун орнотуу талап кылынат. Жергиликтүү резиденттер бийликке ДНК үлгүлөрүн тапшырышат. Кытай полициясы үйлөрдүн жанына орнотулган QR-коддор аркылуу бир секунддун ичинде эле алардын жашоочусу тууралуу негизги маалыматтарды ала алышат.

Бээжин Шинжаңдагы уйгур, казак өңдүү аз улут өкүлдөрүнө карата геноцид жасап жатканы тууралуу айыптоолорду четке кагып, алар «кайра тарбиялоо лагерлеринде билим алып, заманбап жашоого көнүшөрүн» айтып келет.

Видео

Видео

"Шам-Бала": Керексизовдун соңку керээзи
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:10:41 0:00
XS
SM
MD
LG